Жаңылыктар
17.01.2025 11:26
Кароолор: 1184
ТАШ-КӨМҮРЛҮК АДАМДЫ ИЗДӨӨ ТУУГАНДАРЫНЫН МАКУЛДУГУ МЕНЕН ТОКТОДУ
Бүгүн Сүттүү-Булак жайлоосунда изделип жаткан жарандын туугандарынын макулдугу менен бүгүн издөө иштери токтотулуп, жерине тартылган куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышууда.
Белгилей кетсек, 17-январда таң эрте издөө ишине ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун башчысы, подполковник Ы.Жолдошбаевдин жетекчилигинде жалпы 27 куткаруучу 1 дрон менен чыгышкан.
2024-жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган М.Д. аттуу тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголуп, тынымсыз изделип келген.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР