Жаңылыктар

14.01.2025 09:32

   Кароолор: 1095

ТАШ-КӨМҮРДӨГҮ ИЗДӨӨ ИШИНЕ 94 АДАМ ЧЫКТЫ

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында дайынсыз жоголуп жаткан жергиликтүү тургунду издөөгө бүгүн ӨКМден 54 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер, туугандарынан 25, жалпысынан 94 адам чыкты жана 4 дрон тартылды.

Издөө иши Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Ал ар бир кокту-колотторду кылдаттык менен кароону жана коопсуздукту сактоо менен иш алып барууну тапшырды.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган М.Д. аттуу тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн бери изделип жатат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Бообек Ажикеев

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу