Жаңылыктар

15.01.2025 19:53

   Кароолор: 396

ТАШ-КӨМҮРДӨ ИЗДӨӨ ИШИ КЕЧ КИРГЕНДИГИНЕ БАЙЛАНЫШТУУ ТОКТОТУЛДУ

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын 1 айдан бери дайынсыз болуп жаткан тургунун издөө иши кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Эртең, 16-январда улантылат.

Бүгүн ӨКМдин алдындагы Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордон 21 куткаруучу, туугандарынан 3 адам жана 2 дрон тартылып, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник А. Закировдун жетекчилигинде жалпы 24 адам чыкты.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын 47 жаштагы М.Д. аттуу тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн бери издөө улантылып келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу