Жаңылыктар
13.01.2025 15:32
Кароолор: 634
ТАШ-КӨМҮРДӨ ДАЙЫНСЫЗ ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨГӨ КОШУМЧА КҮЧ ТАРТЫЛДЫ
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын дайынсыз болуп жаткан тургунун издөө иштерине бүгүн ӨКМдин алдындагы Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун 15 куткаруучусу кошумча күч катары тартылды.
Бүгүн ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги баш болуп, жалпы 58 адам издөөгө чыккан. Учурда жалпы 73 адам издөөнү улантууда. Катаал шартта өз милдеттерин аткарып жаткан өздүк курамга жетекчилик тарабынан коопсуздукту эс алып, сактык эрежелерин эске алуу менен иш алып барууну тапшырды.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1978-жылы туулган М.Д. аттуу адам Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн бери издөө улантылууда жана Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеке көзөмөлүнө алууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР