Жаңылыктар

11.01.2025 09:20

   Кароолор: 741

ТАШ-КӨМҮРДӨ ДАЙЫНСЫЗ ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨ УЛАНТЫЛУУДА

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын дайынсыз болуп жаткан тургунун издөө иштерине бүгүн, 11-январда жалпысынан 57 адам, 4 дрон тартылды.

Анын ичинен ӨКМден жалпы 36 куткаруучу, 15 милиционер жана жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылды.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган М.Д. аттуу тургуну Сүттү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн берибери издөө улантылууда жана Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеке көзөмөлүнө алып жатат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Бообек Ажикеев

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу