Жаңылыктар

11.01.2025 20:19

   Кароолор: 615

ТАШ-КӨМҮРДӨ ДАЙЫНСЫЗ ЖАРАНДЫ ИЗДӨӨ ИШИ КЕЧ КИРГЕНДИКТЕН ТОКТОТУЛДУ

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын дайынсыз болуп жаткан тургунун издөө иши кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Эртең, 12-январда улантылат.

Бүгүн, 11-январда издөөгө жалпы 57 адам, 4 дрон тартылып, ӨКМден 36 куткаруучу, 15 ИИМ кызматкери жана туугандарынан 6 адам чыкты.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган М.Д. аттуу тургуну Сүттү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн берибери издөө улантылууда жана Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеке көзөмөлүнө алып жатат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Бообек Ажикеев

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу