Жаңылыктар

17.01.2025 09:54

   Кароолор: 1160

ТАШ-КӨМҮРДӨ ДАЙЫНСЫЗ ЖАРАНДЫ 27 КУТКАРУУЧУ ИЗДӨӨДӨ

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында дайынсыз жоголуп жаткан тургунду издөө ишине бүгүн ӨКМдин алдындагы Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун башчысы, подполковник Ы. Жолдошбаевдин жетекчилигинде жалпы 27 куткаруучу жана 1 дрон тартылды.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган М.Д. аттуу тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол учурдан бери издөө иштери жүргүзүлүп жатат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу