Жаңылыктар

14.02.2025 16:21

   Кароолор: 724

ТАШ-КӨМҮР ШААРЫНДА КҮЙҮҮЧҮ МАЙ КУЮУЧУ ЖАЙДА ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ

ӨКМдин Таш-Көмүр шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы шаар аймагындагы күйүүчү май сатуучу жайда өрт-тактикалык машыгуу өткөрдү.

Машыгуунун сценарийи менен шаарда өрт кырсыгы катталгандыгын маалымат ыкчам-нөөмөт бөлүмчөсүнө маалымдашкан. Ага Таш-Көмүр шаарынын Жарандык коргонуу кызматтары, 2 өрт өчүрүүчү унаасы тартылып, тилсиз жоо өз учурунда өчүрүлдү.

Өрт кырсыгынан күйүк алган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Ал эми аталган аймакты Таш-Көмүр ШИИБнин кызматкерлери курчап, териштирүү иштери жүргүзүлдү.

Машыгуунун башкы максаты - өрт жана башка техногендик кырсыктын алдын алуу, өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын бекемдөө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу