Жаңылыктар

28.09.2023 14:56

   Кароолор: 333

Таш-Көмүр шаарында “Ачык эшик күнү” өттү

Кечээ, 27-сентябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы мектептердин окуучулары үчүн “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү.

Таш-Көмүр шаарынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, №2 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын, №6 өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунун адистери №12 А.С.Пушкин, №7 К.Кузембаев, №1 Н.Островский атындагы орто мектептердин мугалимдери, окуучулары менен жолугушту.

“5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнүн” алкагында өткөрүлгөн иш-чарада куткаруу шаймандары, өрт өчүрүүчү унаалар жана андагы жабдуулары, тоодон куткаруу жабдыктары менен тааныштырышты.

Куткаруучулар окуучулардын кызыккан суроолоруна жооп берип, табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдар жаралганда коопсуздук эрежелери, эвакуациялоо иштери туурасында кеңири айтып беришти. Аталган иш-чара биринчиден, өспүрүмдөрдү коопсуздукка тарбияласа экинчиден, мекенчилдикке сезимдерин ойготот.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу