Жаңылыктар
26.02.2025 09:10
Кароолор: 257
ТАРЫХ — КЕЛЕЧЕККЕ КӨПҮРӨ УЛУТ АТАЛАРЫ КАЛЫҢ ЖУРТТУН ЖҮРӨГҮНДӨ САКТАЛАТ!
Мындан бир кылым мурда эле кыргыздын саясий элиталары Сталиндин өзүнө чейин "Кыргыз" деген эл өзүнчө улут экенин далилдеп, чек арасын чийип, тилин сактап, алмустактан келаткан маданий бай мурасын даңктаганына алигиче азыркы муун таң берип, сыймыктанып келебиз. Анткени дал ошол 25-35 жаштагы Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов ж.б. жаштыгына карабай, жетиштүү билими болбосо дагы арканды кенен ыргытып, келечекти көрө билгенинде. Кыргыз улуту казак менен өзбектен "Манасы" менен айырмаланганын, Ала-Тоонун кең жайлоосунда жашаган кыргыз эли эркиндикти сүйөрүн, журтту бириктирип, тарбиялаган көөнө сөзү менен каада-салты айтор, нарктуу эл экенин кылыч такаган күндө да танган жок!
Мына ошондуктан улут аталарынын эмгегин азыркы муундун билүүсү, келечекке түбөлүк сактоо милдет.
Бул максатта Президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 24-июлундагы № 205 “Азыркы Кыргыз Мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” Жарлыгы чыгарылган. Аталган Жарлыктын негизинде кечээ ӨКМдин Борбордук аппараты "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Куткаруучулар алгач журт аталарынын урматына куран багыштап, андан соң репрессия курмандыктарынын тарыхы менен кенен тааныша алышты. Комплексте жайгашкан музейде адилеттүү заманды күтүп "Чоң-Таштын" сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева жөнүндө тасма көрүшсө, сөөктөрдү казуу ишин колго алган Болот Абдрахмановдун өз оозунан тарыхтагы маалыматтарды уга алышты.
Мындан сырткары комплексте жайгашкан Ч. Айтматовдун, 2010-жылдын 7-апрелиндеги бийлик алмашуу маалындагы кагылышууда 80ден ашык каза тапкандарга куран окулуп, улут, эгемендүүлүк үчүн күйгөн эр-азаматтар жөнүндө маалымат берилди.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин буйругунун негизинде 1 айлык жарыяланып, министрликтин түзүмдүк, аймактык жана ведомствого караштуу бөлүктөрүндөгү өздүк курам Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында жайгашкан “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине баруу каралган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР