Жаңылыктар
23.04.2025 09:35
Кароолор: 325
ТАР ДАРЫЯСЫНА ТҮШҮП КЕТКЕН ЖАШ БАЛАНЫ ИЗДӨӨ УЛАНУУДА
Бүгүн, 23-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Тар дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы баланы издөө үчүн жерине 10 куткаруучу чыкты.
Кара-Кулжа райондук №66 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5, Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан 5, жалпы 10 куткаруучу тартылып, издөөнү улантууда.
Белгилей кетсек, Ой-Тал айыл аймагына караштуу Көндүк-Чаты тилкесиндеги Тар дарыясына 2017-жылы туулган Т.Э. аттуу жаш бала 20-апрель күнү түшүп кеткен.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР