Жаңылыктар
29.04.2024 11:45
Кароолор: 959
ТАЛАСТЫН ЧОҢ-КОШОЙ ӨЗӨНҮНӨ 800 КӨЧӨТ ОТУРУГУЗУЛДУ
Өткөн апта соңунда ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгы менен Токой чарбасынын кызматкерлери көчөттөрдү тигишти.
Талды-Булак айылындагы Чоң-Кошой өзөнүнүн 2 гектар жерине "Жашыл Мурас" Улуттук өнөктүгүнүн алкагында 800 ийне жалбырактуу көчөттөрү олтургузулду.
Жаратылыш кырсыктарына туруштук берүүнүн алгачкы аракети тамыры тереңге кете турган бак-дарактарды отургузуу жана топурактын эрозиясын алдын алуу иштери уюштурулду.
Жашылдандыруунун эң негизги максаты – көрктүү, таза жана табияты кооз Кыргызстанды келечек муунга мурас калтыруу.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР