Жаңылыктар
07.12.2023 11:32
Кароолор: 357
ТАЛАСТЫК КУТКАРУУЧУЛАР КАЙРЫМДУУЛУК КӨРСӨТҮШТҮ
КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгына караштуу Талас шаардык жана райондук ӨК бөлүмдөрү 5-декабрда кайрымдуулук иштерин жүргүзүштү.
3-декабрь – Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө байланыштуу облус аймагындагы 25 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын үй-бүлөсүнө азык-түлүк, тамак-аш топтомдору таркатылды.
Кайрымдуулук иштерин жасаган куткаруучучулар үй-бүлө мүчөлөрүнө бекем ден соолук, ийгиликтерди каалап, алар менен баарлашышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР