Жаңылыктар

12.01.2024 12:35

   Кароолор: 913

ТАЛАСТАГЫ "ЖЫЛЫТУУ ПУНКТУ" ЖАҢЫЛАНДЫ

11-январда Талас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн демилгеси менен Талды-Булак айылынын эски мектебине уюштурулган жылынуу пункту жаңыланды. Жаңылоо демилгесин колдоого алган Осмонкулов айыл өкмөт жетекчилиги Талас районун өнүктүрүү фондусуна 585 000 сомдук долбоор менен кайрылган.

Кыш ызгаарында жаралган кырдаалдарда буга чейин иштеп келген “Жылытуу пункту” бул жолу тиешелүү буюм-тайымдар менен жабдылды. Алсак, ашкана буюмдары, керебет жууркан-төшөктөр, куткаруучулар үчүн негизги шаймандар, жылытуучу электр буюмдары менен жаңыртылды.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен аталган пунктта Суусамыр – Талас –Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда жаралган кырдаалдарда жүргүнчүлөр келип ысык чай ичип, жылынып, убактылуу жайгашууга шарттар түзүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу