Жаңылыктар

18.04.2025 14:00

   Кароолор: 638

ТАЛАСТА ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫН ТЕКШЕРГЕН МАШЫГУУ ӨТТҮ

Талас облусунун Жарандык коргонуусунун башкаруу органдары менен штабдык машыгууну өткөрүү жөнүндө буйруктун негизинде кечээ, 17-апрель күнү облустук жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыктары текшерилди.

Анын алкагында Талас шаарынын аймагында штабдык машыгуу өткөрүлүп, тилсиз жоонун алдын алуу, өрт текхникалык унаалардын, жабдууларынын жана шаймандарынын толуктугун камсыздоо, табигый кырсыктарда туруктуулукту жогорулатуу, ошондой эле өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын баалоо жүргүзүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу