Жаңылыктар

28.03.2025 15:54

   Кароолор: 429

ТАЛАСТА ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КОМИССИЯСЫ ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ЖАБЫРКАГАН ТУРАК ЖАЙЛАРДЫ ТАКТАП ЖАТЫШАТ

Талас райондук ЖК комиссиясынын саат 12:00гө карата алдын ала берген маалыматы боюнча, Талас облусунун Талас районунун Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылында жалпы 17 турак жайдын дубалдарынан

майда жарака кеткен. Аларды ичинен 11 үй камсыздандырылса, 6 турак жай камсыздандырылган эмес.

Алдын ала маалымат боюнча авариялык абалдагы турак жайлар жок.

Учурда жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жабыркаган турак жайлар боюнча тактоо жумушу уланууда.

Маалым болгондой, 28-март күнү, КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 04:42де Казакстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ = 42° 39 с.ш.λ = 73° 00´в.д.) күчү *5,5* магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга (Көпүрө-Базар айылынан 20 чакырым түндүктө, Бишкек шаарынан 133 чакырым түштүк батышка) чейин сезилген.

Урматту жарандар, жер титирөөдөн үйүңүз жабыркаса 112 номерине байланышып, маалымат бериңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу