Жаңылыктар

14.12.2023 13:40

   Кароолор: 430

ТАЛАСТА ЫЗГААРДАН АГЫН СУУЛАР ТОҢУП, ҮЙЛӨРДҮ КАПТОО КОРКУНУЧУ ЖОЮЛДУ

Манас районунун Кыргызстан айыл аймагындагы Талас, Манас айылдарынан агып өткөн Кара-Суу каналы тоңуп, турак жайларды суу каптоо коркунучун туудурган.

Ошол себептен тоңгон мууздарды талкалоо жана суунун нугун ачуу үчүн Манас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 12 куткаруучусу, жергиликтүү 9 тургун каналды муздан тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Муз чагуу, тазалоо менен Кыргызстан айыл аймагынын Көк-Дөбө айылынан 228 үй, Манас айылынан 134 жалпысынан 362 турак жай суу каптоодон корголот.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу