Жаңылыктар
18.03.2025 15:00
Кароолор: 328
ТАЛАСТА ТОКОЙДО ӨРТ ЧЫКТЫ
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында бүгүн, 18-мартта токойдо өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 12:52де Талас шаардык №17 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, кошумча саат 14:03тө Бакай-Ата райондук №93 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, жалпы 2 эки күжүрмөн эсеп тартылган.
Учурда тилсиз жоону өчүрүү боюнча ыкчам аракеттер көрүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР