Жаңылыктар
22.01.2025 16:19
Кароолор: 280
ТАЛАСТА СОЦИАЛДЫК МЕКЕМЕДЕН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында бүгүн Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө дароо Бакай-Ата райондук №93 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылып, толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоонун кесепетинен имараттын 220 чарчы метр аянты күйгөн. Кырсыктан келтирилген чыгымдар такталууда. Жабыркагандар жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР