Жаңылыктар

08.09.2023 17:56

   Кароолор: 311

Таласта сел каналдары тазаланып, 603 үй корголду

КР ӨКМдин "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" боюнча 2023-жылдын иш мерчемине Талас облусунун Талас, Манас, Бакай-Ата райондорундагы 7 сел өткөрүүчү каналдарын механикалык тазалоо, иштерине сунушталган.

Бүгүнкү күндө сунушталган сел агуучу каналдарынын алардын төртөөндө механикалык тазалоо жумуштары толугу менен аткарылып, ал эми 1 каналда тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Аткарылган иштердин натыйжасында 603 турак жайлары, 1 мектеп, 1 бала бакча,1 мечит, 1 лицей, 2 көпүрө жана 2 администрациялык мекемеси корголгон.

Алдыда жергиликтүү бийликтин күчтөрү менен аткарылуучу Бакай-Ата районунун 2 сел өткөрүүчү каналында механикалык тазалоо иштери башталганы турат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу