Жаңылыктар
23.12.2024 12:37
Кароолор: 321
ТАЛАСТА ӨРТТҮН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Манас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчилиги жана өздүк курамы Манас районундагы соода-сатык дүкөндөрдө, базарларда жана башка коомдук жайларда пиротехникалык заттарды сатууда жана пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү.
Ошондой эле өздүк курам жашы жете элек өспүрүм балдарды ар кандай жарылуучу заттарды пайдаланбоого чакырып, сатуучуларга коопсуздук эрежелерин так сактоого жана эскертүүлөргө көңүл бурууга чакырышты.
Ал эми Талас шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү тарабынан айылдардагы мечиттердин имамдарына өрт кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу иштери жүргүзүлүп, сабактар өткөрүлдү .
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР