Жаңылыктар

11.06.2025 21:15

   Кароолор: 259

ТАЛАСТА ӨРТТҮН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча башкармалыгынын инспекторлору жана ӨКМдин Талас облустук башкармалыгынын өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн офицерлери Талас шаары жана райондорунун аймактарында өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Аталган иш-чаралардын алкагында коомдук тамактануучу жайларда, соода түйүндөрүндө жана башка коомдук объектилерде өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо максатында атайын маалыматтык баракчалар таратылып, түшүндүрүү иштери уюштурулду.

Ошондой эле, кызматкерлер өрт коопсуздугу боюнча сабактарды өткөрүп, эрежелерди так сактоонун маанилүүлүгү тууралуу калкка кеңири маалымат беришти.

Инспекторлор тургундарды өрттү болтурбоого, сактык эрежелерине көңүл бурууга чакырат.

Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар облус аймагында дагы да улантылат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу