Жаңылыктар
31.10.2023 11:37
Кароолор: 460
ТАЛАСТА ӨРТ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУСУ ӨТТҮ
Кыргызстандыктар кышкы жылытуу мезгилине өтүп жаткандыктан, өрт кырсыктарынын алдын алуу үчүн ӨКМдин өздүк курамы өлкө аймагында атайын машыгууларды өткөрүшүүдө.
Аталган иш-чара кечээ, 30-октябрда Талас облусунун Ч.Айтматов райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2023-жылга карата негизги иш-чаралар планына ылайык Эшеналы уулу Сейитбек атындагы орто мектебинде ӨКБнын өздүк курамы ЖК кызматтары менен биргеликте өткөрүлүп, нускамалар берилди.
Машыгууда мектептин жанында өрт чыгып, биринчи кабаттагы окуу классына өтө баштаган. Кырсык чыккан аймактан мектептин мугалимдери, окуучулары коопсуз жайга эвакуацияланган. Сценарийдин негизинде куткаруучулар күйүп жаткан имараттан чыгалбай, түтүнгө ууланган окуучуну тез жардам кызматына өткөрүп бершкен.
Өткөрүлгөн иш-чарада мугалимдерге,
окуучуларга жана кызматкерлерге "Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар катталганда эмне кылуу керектигин жалпы 33 мугалимге, 400 окуучга жана 10 кызматкерине түшүндүрүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР