Жаңылыктар

22.03.2025 17:11

   Кароолор: 356

ТАЛАСТА ӨРТ КӨБӨЙГӨНДҮГҮНӨ БАЙЛАНЫШТУУ ОБЛУС БИЙЛИГИ ЭЛГЕ КАЙРЫЛДЫ

Талас облусунда акыркы апта ичинде өрт кырсыктары көп катталып кеткендигине байланыштуу КР Президентинин облустагы өкүлү Эрмат Джумаев кайрылуу жасап, дыйкандарды жана жергиликтүү тургундарды талааларды, айдоо аянттарындагы калдыктарды өрттөөдө этият болууга чакырды.

Ал белгилегендей, жарандар чылым чегүүдөгү жоопкерчиликсиз мамиледен, адамдык факторлордон улам ири өрт кырсыктарына жол берилүүдө. Андыктан талаа иштерине даярдык көрүү, тазалоо иштеринде өрт коопсуздук эрежелерин так сактап, кырсыктын алдын алууну өтүнүп кетти.

Айта кетсек, жума ичинде Талас облусу боюнча 20дан ашык өрт кырсыгы катталып, Бакай-Ата районундагы Кең-Арал, Миң-Булак айылдарында ондогон гектар токойлор өрттөндү.

Учурда ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги облустук бийлик менен бирге өрт коопсуздугу боюнча элге түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүүнү улантууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу