Жаңылыктар
29.07.2025 22:50
Кароолор: 241
ТАЛАСТА ӨРТ ЧЫККАН ТИЛКЕДЕ 117 АДАМ НӨӨМӨТТӨ КАЛЫШТЫ
Кыргызстандагы өрт саат 20:50дө толук өчүрүлгөн. Кургак чөптөн чыккан өрттүн жалпы аянты болжол менен 7 га түздү.
Талас облусундагы кыргыз-казак чектешкен аймакта шамал болуп жалын тутануу коркунучу болгондуктан, 81 куткаруучу жана Талас токой чарба кызматынан 36 кызматкер, жалпы 117 адам нөөмөттө калышты.
Белгилей кетсек, бүгүн Талас дубанында өрт чыгып, ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев "айгай" жарыялап, өз көзөмөлүнө алган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР