Жаңылыктар

26.09.2023 10:35

   Кароолор: 339332

Таласта кырсыктардын тобокелдигин азайтууга арналган жөө жүрүш өттү

Ошол кездеги Кыргыз Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы “5-октябрда жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө” буйругун ишке ашыруу максатында Талас облусунун аймагында табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү чөйрөсүндө билим берүү системасын өркүндөтүү жана өзгөчө кырдаалдарда калктын жүрүм-турумун ошондой эле кырсыктардын тобокелдигин азайтуу иш-чаралары өтүүдө.

Атай кетсек, Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Дардановдун, ӨКМдин Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы, полковник А.Асановдун жана Талас облусу боюнча башкармалыгынын жана Жарандык коргонуу кызматтарынын катышуусунда жөө жүрүш уюштурулду.

Жөө жүрүштүн алкагында Талас облусундагы Жарандык коргонуу кызматтарынын техникалары менен таанышып, абалдары текшерилди.

Мындан сырткары мектеп окуучуларынын арасында куткаруу иштерин аткаруу таймаштары өткөрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР