Жаңылыктар

25.09.2024 15:57

   Кароолор: 464

ТАЛАСТА “КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТУУ КҮНҮ” БЕЛГИЛЕНҮҮДӨ

Бүгүн, 25-сентябрда Талас шаарында жалпы республика боюнча жарыяланган “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү” белгиленип жатат.

Иш-чара кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү чөйрөсүндөгү билимди, маалыматты жана тажрыйбаны калкка жайылтуу, өзгөчө кырдаалдарда калктын иш-аракеттерин системалаштыруу, ошондой эле кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталган бир айлык иш-чараларды уюштуруу, мындан тышкары, КР Президентинин Администрациясынын “Климат жумалыгын” сапаттуу уюштуруу жана өткөрүү максатында уюштурулуп жатат.

Ага катышып жаткан ӨКМдин Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы, полковник Алмазбек Асанов Кыргыз Республикасынын аймагы бир жылда 20дан ашык коркунучтуу табигый процесстердин жана кубулуштардын таасирине дуушар болоорун белгилеп, бир айлыктын алкагында потенциалдуу кооптуу аймактарда жашаган калктын даярдык деңгээлин жогорулатуу боюнча маалыматтык жана практикалык иштер уюштурулуп жатканын айтты.

“Аткарылып жаткан иш аракеттерди калк арасында жайылтуу калктын өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндө калктын билимин, маалыматын жана тажрыйбасын тереңдетүү – кырсыктардын тобокелдигин азайтууга өтө чоң салымын кошот деп ишенем”, - деди А.Асанов.

Ал ошондой эле 5-сентябрдан 5-октябрга чейин жер-жерлерде “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу” боюнча тренингдер, семинарлар, тегерек столдор, куткаруучулардын иши жана күнүмдүк жашоосу менен таанышуу максатында министрликтин бөлүмдөрүндө ачык эшиктер, массалык жүрүштөр, белгилүү инсандарды тартуу менен майрамдык концерттер жана ар кандай флешмобдор өткөрүлүп жаткандыгын айтып өттү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу