Жаңылыктар
12.06.2025 11:29
Кароолор: 282
ТАЛАСТА КУТКАРУУЧУЛАР ЫКЧАМ ЖАНА КООПСУЗ ИШ АЛЫП БАРУУГА МАШЫГУУДА
Талас шаарында өрткө каршы куткаруу кызматкерлери күнүмдүк машыгуудан өтүштү. Мындай машыгуу куткаруучулардын ыкчам аракет көрүү жөндөмүн арттырып, өзгөчө кырдаалдарда туура жана координациялуу иш алып баруусун камсыздоо максатында өткөрүлүп келет.
Алгач куткаруучулар атайын жабдуулардын жардамы менен бийик имараттын чокусуна көтөрүлүштү. Андан соң коопсуздук эрежелерин так сактоо менен аркан аркылуу ылдый түшүү ыкмаларын иш жүзүндө көрсөтүштү.
Машыгуу куткаруучулардын ыкчамдыгын жана кооптуу кырдаалдарда туура аракет кылуу жөндөмүн өркүндөтүүгө шарт түзөт жана кызматкерлердин даярдыгын жогорулатып, реалдуу кырдаалдарда ыкчам, коопсуз иш алып барууга көмөктөшөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР