Жаңылыктар

22.05.2025 20:31

   Кароолор: 308

ТАЛАСТА КАТУУ ШАМАЛ ТУРАК ҮЙЛӨРДҮН ЧАТЫРЫН УЧУРДУ

Талас шаарында бүгүн, 22-майда саат 18:10 чамасында катуу шамал болуп, анын кесепетинен Талас шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн чатырлары жабыркады.

Турак үйлөрдүн үстүнкү бөлүгүнүн темир жана башка конструкциялар менен жабылган чатырларын учуруп кеткен. Аны менен катарлаш көп кабаттуу үйлөргө тартылган электр чубалгылары да жабыркаган.

Жерине ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери барып, тийиштүү иштерди жүргүзүп жатышат. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок. Тактоо иштерин жүргүзүүгө Жарандык коргонуу комиссиясы тартылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР ‎

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу