Жаңылыктар

22.01.2025 16:16

   Кароолор: 788

ТАЛАСТА КАТУУ ШАМАЛ МЕКТЕПТИН ЧАТЫРЫН УЧУРУП КЕТТИ

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл аймагынын Жоон-Дөбө айылында бүгүн, 22-январда ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге жеткен катуу шамал катталып, Р.Осмонов атындагы орто мектебинин чатырын учуруп кетти.

Айтматов райондук Жарандык коргонуу комиссиясынын өкүлдөрү жеринде болуп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө жана кырсыктын кесепетинен келтирилген чыгымдар такталууда. Жабыркагандар жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу