Жаңылыктар
28.03.2025 17:05
Кароолор: 49
ТАЛАСТА ЭКИНЧИ ИРЕТ КАТТАЛГАН ЖЕР ТИТИРӨӨНҮН КҮЧҮ 5 БАЛЛГА ЖЕТТИ
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматы боюнча, бүгүн саат 16:56да Казакстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ = 42° 38 с.ш.λ = 72° 59´в.д.) күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жер силкинүү Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3,5 баллга (Көпүрө-Базар айылынан 16 чакырым түндүк чыгышта, Талас шаарынан 61 чакырым түндүк чыгышта, Бишкек шаарынан 135 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР