Жаңылыктар

15.10.2024 18:52

   Кароолор: 112

ТАЛАСТА АЙДООЧУЛАРГА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Талас шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери айдоочуларга жолдо жүрүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Өлкөдө аба ырайынын кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу такси айдоочуларына кышкы дөңгөлөктөрдү салуу, алыска сапар алууда дөңгөлөк чынжырчасын камдап алуу, ортодогу 500 метр аралыкты сактоо жана башка тиешелүү эскертмелер берилүүдө.

Андан тышкары Айтматов жана Талас райондорунда led экран аркылуу жергиликтүү тургундарга жана жүргүнчүлөргө маалымат берилүүдө.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу