Жаңылыктар

13.09.2023 10:01

   Кароолор: 484

Таласта "Кырсыктардын тобокелин азайтуунун" алкагында иш-чара өткөрүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Кырсыктардын тобокелин азайтуу" боюнча жарыялаган бир айлык алкагында Талас облусунда Жарандык коргонуунун даярдык планынын негизинде Талас районунун Калба айыл өкмөтүнүн жарандык коргонуу мамлекеттик тутуму менен иш-чара өткөрүлдү.

"Сел жүргөн учурда башкаруу курамынын кыймыл-аракети" аталышында комплекстик окутуу башталып, кагаз жүзүндө маселелер аткарылган. Бүгүн, 13-сентябрда селдин кесепетин жоюу максатындагы практикалык-көрсөтмө уюштуруп, айыл аймактагы инженердик техникалар жана Кызыл Ай коому менен биргеликте түзүлгөн командасы шаймандары менен казып, тазалоо иштерин аткарышты.

Андан тышкары Манас районуна караштуу, Май айылындагы К.Усенов атындагы орто мектебинин окуучуларына, өрт өчүрүү шаймандары менен таанышып, өрт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу