Жаңылыктар

10.08.2024 10:30

   Кароолор: 283

ТАЛАСТА 4 БАЛЛГА ЖЕТКЕН ЖЕР ТИТИРЕДИ

Өлкөбүздүн Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 10:26да Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ = 42°18´с.ш.λ = 72° 07´в.д.) күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган (энергетикалык класс К=10.0).

Жер титирөө Талас облусунун Бакай-Ата районунун Маданият, Ынтымак айылдарында, Талас районунун Козучак айылында 3 балл сезилген.

Ал эми А.Огонбаев, Калба, Кум-Арык айылдарында, Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында жана Талас шаарында 2,5 баллга (Ынтымак айылынан 15 чакырым түштүктө, Талас шаарынан 25 чакырым түштүк батышта) жеткен.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу