Жаңылыктар

21.01.2025 10:50

   Кароолор: 371

ТАЛАС: ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА САБАТТУУЛУКТУ АРТТЫРУУ АРАКЕТИ КӨРҮЛҮҮДӨ

Талас шаарында кечээ, 20-январда өткөн семинар-тренингде ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, подполковник Нурлис Төрөкулов Жарандык коргону, өрт коопсуздугу жана табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу багытында баяндама жасады.

Анда мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлеринен тартып, билим берүү берүү мекемелеринин мугалимдери, тарбиячылар, ошондой эле карапайым элдин Жарандык коргонуу, өрттүн алдын алуу жана техногендик кырсыктарды болтурбоо боюнча сабаттуулугун жогорулатуунун зарылдыгы белгиленип, аба ырайынын кескин өзгөрүүлөрү тууралуу алдын ала эскертүүлөргө көңүл бурууга чакырышты.

Белгилей кетсек, “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча” Улуттук планын жүзөгө ашыруу максатындагы өткөн иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мектеп директорлору жана башкалар катышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу