Жаңылыктар
18.12.2024 17:34
Кароолор: 201
ТАЛАС: ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
Талас облусунда бүгүн, 18-декабрда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2025-жылга коюлуучу пландар боюнча жыйын өткөрүлдү.
Ага ӨКМдин Талас шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн башчылары, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жана кызматкерлер катышып, Жарандык коргонуу жаатындагы иш-чаралардын аткарылышы, андагы айрым көйгөйлөр тууралуу сөз болуп, 2025-жылга карата тапшырмалар коюлду.
Жарандык коргонуу жаатындагы иш-чараларды уюштурууда жана биргелешип аткарууда бул тутумдун башчылары жана өкүлдөрү өздөрүнүн билим-тажрыйбасын арттыруу керектиги белгиленип, быйылкы жылдагы жетишкендиктери жана кемчиликтери тууралуу талкуу болду.
Жыйынтыгында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгы облустагы Жарандык коргонуунун кызматтары жана мекемелери менен биргеликте 2024-жылга коюлган тапшырмаларды толугу менен ишке ашырышканы айтылып, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча даярдыгы канааттандырарлык деп бааланды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР