Жаңылыктар
18.03.2025 17:16
Кароолор: 1294
ТАЛАС: ТОКОЙДОГУ ИРИ ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮГӨ 5 БӨЛҮМ, 135 АДАМ ТАРТЫЛДЫ
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында бүгүн, 18-мартта токойдон өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө саат 12:52де Талас шаардык №17 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, кошумча саат 14:03тө Бакай-Ата райондук №93 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, жалпы 2 эки күжүрмөн эсеп тартылган.
Ошондой эле КР ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, 1 мотопомпа, Токой кызматынан 23 кызматкер, 3 мотопомпа, айыл өкмөттөн 5 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылды.
Ал эми кошумча саат 16:22де дагы Бакай-Ата райондук №93 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, 8 куткаруучу, Талас шаардык №17 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, АКУ менен 2 куткаруучу 1 мотопомпа, Токой кызматынан 12 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам, жалпы 4 бөлүм, 95 адам, 5 мотопомпа тартылган.
Саат 17:10го карата ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынан башчысынын жетекчилигинде 40 куткаруучу, 5 өрт өчүрүүчү унаа жана 2 мотопомпа, Токой кызматынан 35 кызматкер, 3 мотопомпа, жергиликтүү тургундардан 60 адам. Жалпы 135 адам, 5 күжүрмөн эсеп, 5 мотопомпа тартылды.
Учурда тилсиз жоону өчүрүүгө ыкчам аракеттер, чаралар көрүлүүдө.
(сүрөт архивден)
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР