Жаңылыктар
19.03.2025 18:55
Кароолор: 1381
ТАЛАС: ТОКОЙДО ДАГЫ ӨРТ ЧЫКТЫ
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айылында бүгүн, 19-мартта токойдо өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө Бакай-Ата райондук №93 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, Айтматов райондук №91 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылды.
Кошумча Бакай-Ата айыл аймагынан 3 кызматкер, 1 экскаватор, КР ИИМден 5 милиция жана жергиликтүү тургундардан 8 адам тартылды.
Тилсиз жоо учурда чектөөгө алынган жана толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР