Жаңылыктар

13.12.2024 12:43

   Кароолор: 164

ТАЛАС ШААРЫНДА ӨРТТӨН САК БОЛУУГА ЧАКЫРГАН ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ

ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Талас шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери 2024-жылдын планынын негизинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрдү.

Иш-чара шаардагы Талас мамлекеттик университетине караштуу колледжде өтүп, ага мугалимдер жана окуучулар катышты. Сценарий боюнча алгач өрт чыккандыгы тууралуу маалымат жеткирилип, имараттын ичиндеги адамдар эвакуацияланып тышка чыгарылды. Жабыркаган эки адам куткаруучулар тарабынан медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Машыгуудан соң өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлеринин мугалимдерге жана окуучуларга өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча окуган лекциялары, өрттү болтурбоо, кырсык катталган учурда эң алгач көрүлө турган ыкчам аракеттер, Жаңы жыл алдында жарылуучу заттарды колдонууда этият болуу тууралуу нускамалары катышуучулар үчүн маанилүү маалымат болду.

Мындай машыгуунун максаты - өрт кырсыктарынын алдын алуу, чыгымдарды азайтуу жана өздүк курамдын ар кандай кырсыктарга даярдыгын баалоо.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу