Жаңылыктар

22.04.2024 20:56

   Кароолор: 35

ТАЛАС РАЙОНУНУН АЙЫЛДАРЫНДА СЕЛ ЖҮРДҮ

Бүгүн нөшөрлөгөн жамгырдан алдын ала маалымат боюнча Талас облусунун Талас районуна караштуу Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылында жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылдарында жааган жамгырдын кесепитинен сел жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Сел жүргөн аймактарга райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары, Жарандык коргонуу комиссиясы, облус жетекчилиги маалыматтарды тактоо, кесепеттерин жоюу максатындагы чечимдерди жеринде кабыл алууга чыгып кетишкен.

Кошумча маалымат берилет

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу