Жаңылыктар
04.12.2024 17:22
Кароолор: 298
ТАЛАС: ӨРТТӨН САК БОЛ!
ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Манас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы 2024-жылдын иш мерчеминин негизинде А.Үсөнбаев атындагы орто мектебинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрдү.
Куткаруучулардын даярдыгын күчөтүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кырсыктардын кесепеттерин азайтуу жана тилсиз жоону болтурбоо максатын көздөгөн машыгуунун жүрүшүндө 155 окуучу жана 34 мугалимге сабактар өткөрүлдү. Анда өрттүн алдын алуу жана ар кандай кырсыктардан коргонуунун ыкмалары тууралуу нускамалар берилип, окуучулар өрт өчүрүүчү шаймандар менен таанышышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР