Жаңылыктар

16.05.2024 13:39

   Кароолор: 1009

ТАЛАС: ӨРТ КООПСУЗДУГУ СҮРӨТТӨРДӨ

ӨКМдин Талас облустук башкармалыгынын Бакай-Ата райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери 14-майда окуучулар арасында сүрөт сынагын өткөрүштү.

Күмүштак айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылындагы Т.Жанадил орто мектебинин 3-4-класстын окуучуларынын арасында "Өрт коопсуздугу сүрөттөрдө" аталышындагы сынакта коопсуздук эрежелерин сактоо викторинасы өттү.

Сынактын кичинекей жеңүүчүлөрүнө кызыктыруучу белектер тапшырылып, дипломдор ыйгарылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу