Жаңылыктар
19.12.2023 11:40
Кароолор: 809
ТАЛАС ӨКБда ЖЫЛ ИЧИНДЕ АЛГЫЛЫКТУУ ИШТЕР ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облустук башкармалыгына ар кандай тобокелдиктердин алдын алуу, издеп-куткаруу иштерине колдонуу үчүн дрон аппаратын 18-декабрда Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов тапшырды. Издөөчү фото-видео тартуучу аппарат Талас облусун өнүктүрүү фондунун эсебинен 266 миң 933 сомго алынган.
Тактап айтканда, облустагы Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына 2023-жылы табигый жана техногендик кырдаалдардын алдын алуу иштерине сарптоого Фонддон бөлүнгөн каражаттардын эсебинен алгылыктуу иштер аткарылган.
Алсак, Талас облустук жарандык коргонуунун 2-топтогу материалдык баалуулуктарды сактоочу кампасынын чатырынын эскилиги жетип, суу кирип жаткандыктан “МЖД ЛТД” жоопкерчилиги чектелген коом менен биргеликте 2 млн 503 миң 791 сомго кампанын чатыры толугу менен жабылган
Мындан сырткары Манас районунун Уч-Коргон айыл аймагынын Уч-Коргон айылынын чыгыш тарабындагы Талас дарыясындагы суунун шарынан сол жээги кемирилүүдө. Андыктан 4 млн 983 миң 538 сомго дарыянын сол жээгин бекемдөө, дамба куруу иштерин жүргүзүлмөкчү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР