Жаңылыктар
23.04.2024 12:37
Кароолор: 298
ТАЛАС ОБЛУСУНУН ТАЛАС РАЙОНУНА “ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ” РЕЖИМИ КИРГИЗИЛДИ
Кечээ, 22-апрелде Талас районунун аймагында катуу жааган жаандан катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу үчүн район аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилди.
Тактап айтканда, Талас районунун башчысынын 22-апрелде чыгарган №99 буйругунун негизинде "Өзгөчө кырдаал" режими жарыяланды
Белгилей кетсек, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылын, Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылын жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинен 250 турак жай, короо-сарайлар, ички чарбалык жолдор, 1 көпүрө жабыркаган.
Учурда ӨК катталган аймактарда Талас райондук ЖК комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР