Жаңылыктар

01.05.2024 10:34

   Кароолор: 182

ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ, АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНДЫ

Бүгүн, 1-майда ӨК министринин орун басары Эделбек Кулматов Талас облусуна иш сапары менен келди. Алгач ӨКМдин Талас башкармалыгынын өкүлдөрү менен апрель айындагы жаанчыл күндөрү сел каптаган Талас районунун Көк-Кашат, Ак-Жар айылдарынын абалы менен таанышты.

Андагы сел агымынан жабыркаган айылдардын тазалоо иштерин көрүп чыкты. Ал сел кесепеттерин аныктоо, каналдарды тазалоо, калыбына келтирүү иштерин көрүп, сунуштарды берүү, тапшырмаларды аткаруу талабын койду.

Ошондой эле Эделбек Кулматов иш-сапарынын алкагында Бакай-Ата жана Манас райондорунда мерчемделген авариялык калыбына келтирүү курулуштары менен таанышты. Манастын Үч-Коргон айылындагы Талас дарыясынын сол жээгин бекемдөө, жээктердин эрозиясынын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иши боюнча тиешелүү тапшырмасын берди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу