Жаңылыктар

22.05.2025 18:00

   Кароолор: 88

ТАЛАС ОБЛУСУНДА ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ТУТУМУН БААЛОО ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ 

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Жарандык коргонуу кызматтарынын ишин комплекстүү баалоо жыйынтыкталды. 

Талас облусунун Жарандык коргонуу тутумунун 2024-жылдагы ишмердүүлүгү бааланып, 2025-жылга карата жаңы пландар белгиленди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги астында өткөн жыйынга шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн башчылары, жергиликтүү мамлекеттик администрация өкүлдөрү катышты.

Анда белгиленгендей, инженердик техникалардын жетиштүүлүгү да өзгөчө белгиленип, жабдуулардын саны жана сапаты жарандык коргонуу иш аракеттерин аткарууга толук шарт түзөрү белгилүү болду.

Ошондой эле 2024-жылы коюлган тапшырмалар толугу менен аткарылганы белгиленип, Жарандык коргонуу тутумунун даярдыгы канааттандырарлык деп бааланды. Мындан тышкары иш-чараларды уюштурууда жана биргелешип аткарууда жетекчилердин билимин жана тажрыйбасын арттыруу зарылдыгы айтылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу