Жаңылыктар
09.07.2024 17:41
Кароолор: 353
ТАЛАС ОБЛУСУНДА СЕЛ КЫРСЫКТАРЫН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ
ӨКМ тарабынан сел кырсыктарын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында Талас облусунун аймагында "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" иш-чарасына 6 тилке сунушталып планга бекитилген.
Бүгүнкү күндө 3 сел өткөрүүчү каналдарда механикалык тазалоо иштери толугу менен аткарылып иш-чаранын натыйжасында 350 турак-жай, 2 административдик мекеме, 2 мектеп, 2 ФАП, 1 бала-бакча корголгон.
Учурда 1 тилкеде тазалоо иштери жүргүзүлүүдө, 2 объектиде тазалоо иштери баштала элек.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР