Жаңылыктар
10.02.2025 11:07
Кароолор: 567
ТАЛАС: МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ТҮШҮНДҮРҮЛДҮ
Талас облусунун аймактарында Райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана шаардык башкармалыгынын имараттары өрт коопсуздугу боюнча текшерүүдөн өттү.
ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын, шаар жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан мындай көзөмөлдүк иш-чаралар кыш мезгилинде өрт кырсыктарынын алдын алуу, материалдык чыгымдарды азайтуу жана адам өлүмдөрүн болтурбоо максатын көздөйт.
ӨКМ адистери милиция кызматкерлерине өрттүн келип чыгуусуна жол бербөө үчүн имараттардын ичинде электр жабдууларынын туура орнотулушу, жылыткычтарды кароосуз калтырбоо, өрт өчүрүүчү шаймандардын ордунда болуусу сыяктуу тиешелүү нормалар боюнча үгүт-насаат иштерин жүргүзүп, айрым кемчиликтер боюнча эскертүүлөрдү берди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР