Жаңылыктар
13.09.2024 11:00
Кароолор: 191
ТАЛАС: МЕКТЕПТЕ МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн, 13-сентябрь күнү ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Талас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары Манас айылынын Ш. Жумагулов атындагы орто мектебинде машыгуу өткөрүштү.
Келечек ээлерине өрт өчүрүүчү куткаруучулар өрт коопсуздугунун эрежелерин түшүндүрүү менен бирге практикада көрсөтүп, мектептен өрт чыккандыгын маалымдап андан окуучу, мугалимдерди эвакуациялашты.
Жалпысынан 15 мугалим, 135 окуучу катышкан машыгууда тилсиз жоонун алдын алуу, өрт өчүрүрүүчү шаймандардын колдонуу эрежелери боюнча кеңири түшүндүрүштү.
Машыгуунун алкагында куткаруучулардын ыкчам-тактикалык аракеттерин, кырсыктагы коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча билим деңгээли текшерилди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР