Жаңылыктар

15.04.2024 10:30

   Кароолор: 138

ТАЛАС КУТКАРУУЧУЛАРЫ ИШЕМБИЛИКТЕ КӨЧӨТ ОТУРГУЗУШТУ

Өлкѳ башчысы Садыр Жапаров демилгелеген “Жашыл мурас” улуттук ѳнѳктүгүнүн жана “Бир адамдан бир кѳчѳт” акциясынын алкагында облус аймагы боюнча массалык кѳчѳт олтургузуу иштери жана ишембиликтер уюштурулду. Бул жолку ишембиликте Суусамыр — Талас — Тараз авто жолунун бою тазаланып, бак-дарактар акталды.

Жаратылышты кѳрктѳндүрүү акциясына Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн жана Өзгѳчѳ кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери 2 га жерге Талас токой чарбасында өстүрүлгөн 430 түп алма кѳчѳттѳрү олтургузушту.. Тигилген кѳчѳттѳр ийгиликтүү ѳнсѳ, 5 жыл аралыгында түшүм берет.

Экологияны коргоого, айлана-чѳйрѳнү жашылдандырууга багытталган мындай иш чаралар облус аймагында мындан ары да улантылат. Быйылкы жылы “Бир адамдан бир кѳчѳт” акциясынын алкагында Талас облусу боюнча 350 миң түп кѳчѳт олтургузуу иши пландалган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу